Актан Тыныбеков

Википедия дан
Актан Тыныбек уулу‎»‎ барагынан багытталды)
Актан Тыныбеков
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Актан Тыныбек уулу
Туулган жылы: 1888-жыл
Өлгөн жылы: 1951-жыл
Туулган жери: Тегерек-Булак айылы, кийинки Тянь-Шань, азыркы Нарын району, Кыргызстан
Өлгөн жери: Тегерек-Булак айылы, азыркы Миң-Булак айылдык округу, Тянь-Шань району, Кыргызстан
Сөөгү: Тегерек-Булактын көрүстөнүнө коюлган, Тянь-Шань району,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, төкмө, комузчу, манасчы
Наамдары:

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

Актан Тыныбек уулу - манасчы, акын жана комузчу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актан Тыныбек уулу (1888, азыркы Нарын району, Мин-булак айылы - 1951, ошол эле жер) - манасчы, акын жана комузчу.

19-кылымда өткөн улуу манасчы Тыныбектин уулу.

Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңойгон.

Актандын сөз өнөрүнө шыктуулугу он үч жашында эле байкалган. Адегенде комуздун коштосууунда элдик ырларды аткаруучу катары таанылып, өзү да ыр чыгарып, элдик ырчылардын катарына кошулган.

1936-1947ж;. Кыргыз мамлекетик филармониясында иштеген.

Көптөгөн күүлөрдү анын ичинде «Манас» эпосунун обонунун негизинде «Чоң кошуун», «Семетей күү» деген күүлөрдү жараткан.

«Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашынан» үзүндү, «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин жетим калып Букарга барышы» жана «Семетей Букардан Таласка келип Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери» деген эпизоддорду жаздырып, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн.

Актан айткан «Манас» менен «Семетей» үзүндүлөрү идеялык жактан таза, өз алдынча көркөмдүүлүккө жана оригиналдуулукка ээ. Актандан жазылып алынган үзүндүлөр башка варианттар менен негизги сюжеттик өзөгү окшош.

Эпостун башталуу эпизоддору, андагы окуялар турмушттук чындыкка жакындаштырылып баяндалат.

Актан «Манас» эпосунун айрым үзүндүлөрүн гана эмес, кыргыздын баатырдык кенже эпосу «Эр Табылдыны» толук айткан.

Актандын «Эр Табылдысы» колдогу варианттардын ичинен толугу жана идеялык мазмуну, көркөмдүгү жагынан көрүнүктүүсү.

Актандын "Асан-Жамал" деген поэмасы көркөмдүк жактан өтө жогору иштелген чыгармалардын катарына кирет.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4