Активдүү көмүр

Википедия дан

Активдүү көмүр, активдештирилген көмүр – тандап сиңиргич касиети бар майда көзөнөктүү адсорбент. А. к. таш көмүр же жыгач көмүрүнө суунун өтө ысытылган буусун же көмүр кычкыл газын таасир этүүдөн алынат. Мындай таасир этүүнүн негизинде чайыр сымал заттар жоголуп майда көзөнөкчөлөр, көңдөй боштуктар пайда болот. Көңдөй боштуктар, көзөнөкчөлөр пайда болуусу менен көмүр беттик аянты көп эсе чоңоюп, заттар сиңирүү жөндөмдүүлүгү күчөйт. Көңдөй боштуктун, көзөнөкчөлөрүнүн өлчөмдөрү сиңирилүүчү мол-лар өлчөмдөрүнө теңдеш болгондуктан, көмүр аркылуу аралашма заттарды кое бергенде өлчөмүнө жараша кээ бир мол-лар сиңип, адсорбацияланышып, кээ бир мол-лар сиңбей калуу менен бөлүнүшөт. А.к. газдар аралашмасын тазалоодо, ажыратып бөлүүдө, ароматтык углеводородду кокс газынан, бензинди жаратылыш газынан бөлүп алууда, медицинада, противогаз жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]