Актиний

Википедия дан

Актиний (лат. Actinium, гр. ἀκτίς -нур, Ac) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин III В группа элементи. К.н. 89, ат. м. 227. А. массалык сандары 209Ас – 232Ас болгон 24 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта массалык саны 225Ас, 227Ас жана 228Ас болгон изотоптору табылган; бир кыйла туруктуу изотобу 227Ас саналат. А. жер кыртышында таралышы м. боюнча

6 10-10 % барабар. А-ди 1899-ж. фр. химиги Андрэ Дебьерн ачкан. А. - күмүш түстүү ак металл; балкып эрүү темп-расы 1040-500С; кайноо темп-расы 33000С; бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. А. активдүү металл. Ал абада окистенип, Ас2О3 пайда кылат. Галогендер, туз жана азот к-таларында жакшы эрийт. А. туздары ак түстө, ал эми эритмелери түссүз болот. А. хлоридин калий буусу менен калыбына келтирүүдөн алынат:

AcCl3 + 3K t Ас + 3kcl;

О. эле А. 226Ra нейтрон менен бомбалоо менен алууга болот:

226Ra + 01n  88227Ra + b-  89227Ac

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]