Актиномикоз

Википедия дан
Актиномикз оорусу бетте

Актиномикоз — актиномицет козу карындары пайда кылуучу жугуштуу оору.
Кишиде чанда жолугат (көбүнчө бодо малдарды жабыркатат). Актиномикоз көбүнчө моюнда, жаакта, ич көңдөйүнүн органдарында жана өпкөдө болот. Сырткы Актиномикоздо териде же былжырлуу челде сезгенүү пайда болот. Ал ичинен ириңдеп, ириңдүү көңдөйлөр жана тешик пайда болуп, жарылганда ириң сыртка чыгат; териде көптөгөн тешиктер пайда болот. Ички органдар Актиномикоз менен жабыркаганда бул органдардын иши бузулат.

Актиномикозду өз учурунда дарылоо оорудан толук айыгууга алып келет. Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук натыйжалуу болот. Оорунун козгогучтары жаратылышта кеңири таралган: топуракта, көпчүлүк жаныбарлардын тамак сиңирүү жолдорунда, дан өсүмдүктөрдүн башында жолугат. Адамдын ооз көңдөйүндө, ичеги-карында, дем алуу жолдорунда актиномицеттер сапрофит түрүндө жашашат. Алар организмдин коргонуу кызматын төмөндөтүүчү, белгилүү шарттарда (суук тийүү, аллергиялык абал, пародонтоз, аппендицит, өпкөнун сезгениши же кургак учук) оору козгоочу касиетке ээ.

Ошондуктан Актиномикоздун алдын алууда ар кандай сезгенүү ооруларын, айрыкча ооз көңдөйүнүн өнөкөт сезгенүү ооруларын өз учурунда дарылоонун жана бузулган тиштерди алдыруунун, дарылоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8