Акустика

Википедия дан

Акустика - (гр. akustikos - угуу) — физиканын үндү изилдөөчү бөлүгү. Төмөнкү термелүү жыштыгынан эң жогорку термелүү жыштыгына (1012«1013 Гц) чейинки серпилгич термелүүлөрдүн, толкундардын дүүлүгүшүн (пайда болушун), таралуу процессин, зат менен өз ара аракеттешүүлөрүн жана алардын түрдүү тармакта колдонулушун изилдейт. Б. з. ч. 6-кылымда эле Пифагор музыкалык аспаптын кылынын же түтүктүн узундугу менен угулуучу үн толкунунун бийиктигинин ортосунда байланыш бар экенин байкаган. Аристотель үн чыгаруучу нерсе абаны кысып жана сейректете турганын тажрыйбада аныктап, жаңырыкты физикалык жол менен түшүндүргөн. Г. Галилей үн бийиктиги менен термелүү жыштыгынын ортосундагы байланышты, М. Мерсенн үндүн абада таралуу ылдамдыгын аныкташкан. 18-кылымда Л. Эйлер, Д. Бернулли жана Ж. Д’Аламбер өзөк, пластинка жана музыкалык аспаптын кылдарынын термелүүсүнүн толук теориясын түзүшкөн. 19-кылымда Г. Гельмгольц адам жана музыкалык үндөрдүн табиятын түшүндүргөн, угуучу аппаратка окшоштуруп кулактын физ. теориясын иштеп чыккан. 20-к-га чейин акустика механиканын бөлүмү катары өнүгүп келген. Механикалык термелүүнүн, үн чыгаруунун жана үн толкунунун чөйрөдө таралуусунун жалпы теориясы түзүлгөн, үн басымын, энергиясын ж-а таралуу ылдамдыгын өлчөө ыкмалары иштелип чыккан. Радиотехника, радиоуктуруунун өркүндөшү менен 20-кылымдын 20-жылдарында акустиканын өнүгүшүнүн жаңы доору башталган. Ал кездеги радиотехниканын электрмагниттик энергияны үн энергиясына өзгөртүп кайра түзүү ыкмалары жаңы аппараттарды жасоону талап кылды. Жалпы жана теориялык акустикада серпилгич толкундардын түрдүү чөйрөдө нурлануу, таралуу жана кабыл алуу законченемдери, ошондой эле алардын чөйрө менен өз ара аракеттешүүлөрү изилденет. Акустиканын тармактарына электр акустикасы, архитектура акустикасы, курулуш акустикасы, атмосфералык акустикасы, геоакустика, гидроакустика, ультраүн физикасы жана техникасы, психологиялык акустика, физиологиялык акустика жана музыкалык акустика кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]