Акцептелген вексел

Википедия дан

Акцептелген вексел – «Акцепттелди», «Кабыл алынды», «Төлөп берүүгө милдеттенем» деп жазылуу же жөн эле төлөп берүүчүнүн колу коюлуу менен жол-жоболоштурулуп, аны төлөөгө төлөп берүүчүнүн акцепти (трассаты) бар вексел. Төлөп берүүчү акцептант – белгиленген мөөнөттө төлөп берүүгө жоопкер башкы вексел карызкору болуп калат. Эгер өз маалында төлөнбөсө, вексел кармоочу акцептантка каршы доо коюуга акылуу.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7