Акциденция

Википедия дан

Акциденция (лат. accidentia – кокус) – кокустукту билдирүүчү философиялык термин .

Акциденция биринчи жолу Аристотелдин «метафизикасында» жана «физикасында» кездешет. Андан кийин Акциденцияны бөлүнүүчү (Мисалы: адам үчүн уйку) жана бөлүнгүс (Мисалы: негрдин териси үчүн кара түс) кылып бөлгөн Порфирийде кездештирүүгө болот. Акциденция түшүнүгү кээ бир буюмдардын касиеттери реалдуу акциденттер катары каралышы схоластикада өнүккөн.

17-кылымдын философтору Декарт, Гоббс ж. б. реалдуу Акциденциянын пайда болушун четке кагышкан. Анын себеби Спиноза Акциденция терминин «модус» деген терминге алмаштырган. Акциденция түшүнүгү 18–19-кылымда Кантта, Фихтеде ж. б. жана о. эле формалдуу логикада да кездешет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]