Акчуңкур, үңкүр

Википедия дан

АКЧУҢКУР ҮҢКҮРҮнеолит дооруна (биздин заманга чейинки 6–5 миң жылдык) таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көл облусунун Аксуу районунун Эчкилиташ айылынын чыгышынан 7 км. аралыкта Сарыжаз суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 3150 метр бийиктикте жайгашкан. 1953-жылы В. И. Рацек тарабынан ачылган. Үңкүр эки ярустан турат. Үңкүрдүн боорунда кызыл жошо менен тартылган теке жана жыландын сүрөттөрү, ошондой эле кара боёк менен түшүрүлгөн несториан крести, тамга жазуулар (орто кылымга таандык) табылган. Жаныбарлардын сөөктөрү, неолит дооруна таандык иштетилген таштар жана көңдөйүндө жошо сакталып калган текенин мүйүзүнүн сыныгы табылган.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]