Акшумкар

Wikipedia дан
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда.
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.


Акшумкар
Илимий классификация
дүйнөсү: Жаныбарлар
тиби: Хордалуулар
классы: Канаттуулар
түркүмү: Шумкар сымалдуулар
тукуму: Шумкар уруусу
уруусу: Шумкарлар
түрү: Акшумкар

Акшумкар (Falco rusticolus) - шумкарлар тукумундагы куш.

Уз. 60 см. Кыргызстандын аймагында чанда жолуга турган шумкар. Окумуштуулардын байкоолоруна караганда бул түр ачык, кенен өрөөндө Тяншань тоолорунун бетиндеги карагайлар, аскаларды мекендейт.
Акшумкардын биологиясы, экологиясы начар изилденген. Кээ бир маалыматтарга караганда жылына бир жолу 3-4 жумуртка тууйт. Акшумкар кекилик, чип, көгүчкөн, өрдөк ж. б. майда канаттуулар менен азыктанат. Кыргызстанда бул түр аз болгондуктан коргоого алынууга тийиш.

Галерея[оңдоо]

Колдонулган адабият[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-002-4