Ак-Бакшы тоосу

Википедия дан

Ак-Бакшы тоосу - Тескей Ала-Тоонун түндүк тармагы. Ак-Сай жана Тон сууларынын аралыгында батыштан чыгышка 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 3—4 км. Орточо бийиктиги 2200—2400 м, эн бийик жери 2505 м. Кыры тайпак, капталдары кыска, түндүк тарапка акырындап жантаят; туштүккө тигирээк, капталдарында коктуколот аз. Тоонун кыр бөлүгү төмөнкү па¬леозойдун гранит, гранит-диорит интрузияларынан, кумдук, чопо, мергель, гипс тектеринен түзүлгөн. Жарым чөл жана кургак талаа (1600—1700 мге чейин), андан жогору бадалдуу талаа ландшафттары басымдуу. Жайыт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]