Ак-Кыя айылы

Википедия дан

Ак-Кыя айылы

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айыл окуругуна караштуу кыштак. Нарын — Казарман авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта. 1936-жылы негизделген. Калкы 664 (1986); негизинен кой чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, балдар бакчасы, фелдьшер-акушердик пункт, клуб, китеп-кана бар.

Ак-Кыя
Нарын областынын Кочкор районундагы Сары-Булак айыл окуругуна караш¬туу кыштак. Кара-Кужур суусунун сол жээгинде жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 57 км түштүк-чыгыш тарапта. 1946-жылы негизделген. Калкы 1176 (1986); негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Оору¬кана, орто мектеп, маданият үйү, китеп¬кана, универмаг бар.

Ак-Кыя айылы
Нарын областынын Нарын районундагы Чет-Нура айыл окуругуна караштуу кыштак. 1960-жылдарга чейин жерг. уруунун атынан Байгазак кыштагы, 1960-жылдан кыштактын батышындагы кыяны кеӊейткенде анын аты¬нан Ак-Кыя аталган. Нарын дарыясынын оң жээгинде. Райондун борбору Нарын шаарынан 15 км түндүк-чыгыш тарапта. 1930-ж. негизделген. Калкы 553 (1986); негизинен мал чарбачылыгында эмгектенишет. Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.

Ак-Кыя
Ош областынын Совет районундагы Кара-Кочкор айыл советине караштуу кыштак. Ак-Кыя суусунун жээгинде. Райондун борбору Кара-Кулжадан 6 км түндүк тарапта. Калкы 1740 (1986); негизи¬нен мал чарбасында, дыйканчылыкта (дан жана тоют өсүмдүктөрү) эмгектенишет. Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.

Ак-Кыя
Ош областынын Фрунзе районундагы Көтөрмө айыл окуругуна караштуу кыштак. «Кадамжай» с-зунун аймагында. Фергана — Хамза-Абад авто жолунун боюнда. Райондун борб. Фрунзе кыштагынан 20 км. Калкы 118 (1987); негизинен мал чарбачылыгында, тамекичиликте эмгектенишет.