Ак-Сай, өзөн, Тоң району

Википедия дан
Ак-Сай
Мүнөздөмө
Узундугу 36 км
бассейндин аянты 340 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Ак-Сай (Тоң району)Тоң районундагы суу, Тоңдун сол куймасы. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Жерүй менен Көк-Сай суулары кошулганда Ак-Сай деп аталат.

Узундугу 36 км, алабынын аянты 340 км2. Кууш капчыгай аркылуу өтүп, Ак-Сай кыштагы тушта терең сай аркылуу агат. Ысык-Көлгө 4 км жетпейт. Тоң суусуна куят. Алабындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 44 км2.

Ири куймалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жерүй, Көк-Сай. Июнда кирип, октябрда тартылат.

Жылдык орточо чыгымы 3,06 м3/сек, эң көбү 4,49 – 8,45 м3/сек, эң азы 1,49–1,60 м3/сек.

Сугатка пайдаланылат. Боюнда Ак-Сай кыштагы орун алган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2