Ак-Төр тоосу

Википедия дан
Ак-Төр, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Актөр тоосуКичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кумбел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору жана Кумбел ашуусу менен чектешет. Узундугу 50 км, эң жазы жери 11 км. Орточо бийиктиги 3760 м, эң бийик жери 4503 м (Кумбел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш жана борбордук бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түндук капталдарын майда мөңгүлөр ээлейт. Түнук чыгышты карай капталдары жантайыңкы тартып, кырлары жок сымал формага өтөт. Жылгаларында шагылдар, ири таш сыныктары көп кездешет. Түштүк капталдары тик, кыска жана борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Актөр, Кумбел, Кошбел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, тала (3200–3600 м бийиктикте) жана гляциалдыкнивалдык (3600–4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ

Интертентеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]