Ак-Шыйрак тоосу

Википедия дан

Ак-Шыйрак тоосу - Борбордук жана Ички Тянь-Шандын чегинде жатат. Чыгышынан Сары-Жаз өрөөну, батышынан Нарын дарыясынын баш жагы менен чектешип, түштүк батышынан түндүк чыгышка карай созулат. Узундугу 60 км. эӊ жазы жери 28 км. Орточо бийиктиги 4720 м, эӊ бийик жери 5100 м (Жаман-Суунун он куймасынын төрүндө). Негизи¬нен протерозой, силур, девон жана таш көмүр мезгилдеринин чекме жана эффузия -оо тектеринен түзүлгөн. Too арасындагы ойдундарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери жана антропогендин аллювий, мөӊгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен пла- гнофанит, сиенит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндуу сиенит жана турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан калай кенинин өндүрүштүк мааниси бар. Too үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сары-Чат, Ээр-Таш, Май-Тер), ортоӊку (Кызыл-Эшме), түштүк (Үч-Көл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларын (4500-500 м) мөңгүлөр ээлейт. 3500—4000 м бийиктикке альп ланд¬шафты мүнөздүү, ошондой эле тоо муздары сүрүп таштаган шагылдар көп. Түндүк жана түштүк этектери аркылуу тектон жаракалар өтөт. Ак-Шыйрак кырка тоолорунда аянты 432 кл2ге жеткен 131 мөӊгү (Петров, Давыдов, Эл Комис- сарлар Совети, Кум-Төр ж. б.) бар. Эң ириси — Петров, мындан Нарын дарыясы башталат. Өрөөн мөӊгүлөрүнүн узундугу 10—20 кмге жетет.