Ак мактым (дастан)

Википедия дан

“Ак мактым” – уламыш. Ал жөнүндө кыргыз фольклорунда кеңири тараган уламыш бар. Анын бир нече варианттары көбүнчө түштүк тарапта кеңири жайылган. Бизге белгилүү болгон варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А. Токторбаев К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдонун жазып калтырган “Кыз Мактымдын арманы” кирет. Ак Мактым жөнүндөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15-кылымга ыйгарса болот. Бул тарыхый учур кыргыз, казак, өзбек элдери калмактарга каршы күрөшкөн мезгилди камтыйт. Ошол учурдан калган уламыш бара-бара поэмага айланганы көрүнүп турат. Уламыш пайда болгондон тартып татаал тарыхый тагдырды басып өткөндөй көрүнөт, себеби ушул эле сюжет хакас элинде “Абахай Пахта” деген ат менен уйгур элинде “Махтум-сула” деген ат менен оозеки адабияттарында айтылган кыргыз, хакас, уйгур версиялары жөнүндө кеңири маалыматты окумуштуу фольклорист Турдубай Абдыракуновдун “Ак Мактым” деген изилдөөсүнөн алууга болот. “Мактым кыздын” сюжети (Ю. Бостоновдун варианты боюнча) кара сөз жана ыр менен аралаш айтылат. Мурунку заманда эки агайын мерген болгон экен, алардын Мактым сулуу деген карындашы болуптур. Мактым абдан сулуу кыз экен “Мейиз жутса сыртынан, алкымынан карарып көрүнүп турар экен”. Мактымдын сулуулугу Анжияндагы калмактардын Асан падышасына чейин жетип, паша кызды көрүп анын бойго жеткенин күтүп жүрөт. Падышанын да кичүү иниси Чинтайчы деген бар экен. Мактым кыз 15 ке толгондо “дүйнөдө жок, нурлуу кыз болот”. Бир күнү Мактым кыз түш көрөт, түшүн бир тууган акелерине айтып берет, алардын кийик атууга барбасын суранат, кыз түшүн жамандыкка жоруйт. Бирок кыздын түшүн жакшылыкка жорушуп, карындашын сооротуп коюшат да Күрөбөс тоосуна мергенчиликке чыгып кетишет. Ошол учурда калмактын Асан падышасы иниси Чинтайчынын кошуну менен Күрөбөскө калың кол менен келип Мактым кызды алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Мактым сулуунун чачы кырк кулач экен, ал чачын белине эптеп байлап Телтору күлүгү менен качып чыгат. Кыз качып баратканда “кырк кулач чачы чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жыгылат да Мактым калмактардын колуна” түшөт. Бир күнү Мактым Телтору атын желенин жанынан көрүп, үйү, акелери эсине түшүп, качуунун айласын ойлойт. Кечинде бир койду союп, Асан падышага арак ичирип, мас кылып уктатып коёт. Белине, өзүнүн чачынын ордуна жылкынын куйругун алып келип ороп, койдун өпкөсүн экиге бөлүп, бир кесимин падышанын колуна, бир кесимин оозуна салып коюп Телторуну токуп качып жөнөйт. Акелерине жолугуп, алар кубанышып тосуп алышат. Асан падышасынын ызасына чыдабай Мактымдын артынан аскер менен жөнөп акелери менен салгылашып, Мактымдын элине бүлүн-чүлүк түшүп, Мактым өзү дагы баатырдык көрсөтүп, Асан падышанын башын кесет. Калмактар менен кыргыздар дагы бир нече жылга чейин тынчыбай бир-бири менен урушуп турушат, – деп аяктайт Мактым кызга арналган уламыш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]