Ак мамык (чөп)

Википедия дан
Puccinellia distans

Ак мамык - (лат. Pucinellia Parl., syn. Atropis Rupr.), дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Дүйнөдө 86 түрү бар. Түбү борпоң, сабагынын бийиктиги 30-40 см. Арык бойлорунда, нымдуу өзөндө, шор, кумдуу-топурактуу жерде өсөт. Ак мамык чөбү июндан августка чейин гүлдөйт. Ал сапаттуу тоют, курамында сиңимдүү протеин бар. Жайытта ак мамыкты бодо мал жакшы оттойт. Баш алган убагында сапаттуу тоют камдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1