Ак чубак

Википедия дан

Ак чубак - черик уруусундагы ири уруктар тобунун аталышы. Этнонимдин параллелдери жору, саруу урууларыннын курамдарында бар. Махмуд Кашгари өз «Сөздүгүндө» этнонимдин экинчи компоненти (Cibaq) «чибак» - ылаачын маанисин анык-таарын жазат.
Азыркы кыргыз тилинде «чубак»: 1. Күндүн нуру. 2. Күндүн аптабы, ысыгы» дегенди түшүндүрөт.
Жырткыч куштар, мифологиялык канаттуу аргымак, багыш ж.б. байыркы мезгилдерде Көк Теңир менен Жердин ортолугундагы байланыштыруучу звенолук милдетти аткарса (шамандын минген канаттуу аргымагы, кушу ж.б.), анда этнонимдин баштапкы маанисинде тотемдик негиз жатат.