Ак ыр (адабият)

Википедия дан

АК ЫР – бейуйкаш ыр. Мындай формадагы ырда ыргак (ритм) сакталат, бирок уйкаштыктын салттуу орду бош (ак) калат. Дүйнөлүк адабиятта 16-кылымда байкала баштаган. 18-кылымда орус акындары чыгармаларында кеңири колдонушкан (В. Тредиаковский, А. Сумароков, А. Радищев, Н. Карамзин жана башкалар.). Ушул формада жазылган А. С. Пушкиндин чакан трагедиялары, “Борис Годунов” драмасы, Н. А. Некрасовдун “Руста кимдер жакшы жашайт?” поэмасы жана бир катар ырлары коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган. Кыргыз поэзиясында мындай уйкашсыз ырлар кийинки жылдарда башка элдердин поэзиясынын таасиринен улам пайда болду. Мисалы,

Айлуу кырда чөп үймөктөр,
Чөп үймөктүн далдаасында,
Олтурдук биз көпкө дейре,
Жердеш келин, жердеш улан.
Сүйлөштүк да, сүйлөштү,
Арыраакта жатты чалгы.
Ай батаарда кетип калдык.
(С. Акматбекова)

Ырдан көрүнүп тургандай, мында муун саптары бирдей, кыргыз ырына мүнөздүү ыргак бар, бир гана нерсе – уйкаштык жок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]