Ак - Бейит, эстелик

Википедия дан

Ак - Бейит эстелиги Ат-Башы өрөөнүнөн Арпа өрөөнүнө өтүүчү Акбейит ашуусунда деңиз деңгээлинен 3286 метр бийиктикте жайгашкан байыркы, орто кылымдарга таандык көрүстөндөрдөн, 17–18-кылымга тиешелүү күмбөз жана мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. 13–14-кылымга таандык күмбөз тегерек формада, жан - жактарына эшик сыяктуу анча баамдалбаган кырлар жасалган. Күмбөздүн төбөсү түшкөн. 17–18-кылымдарда курулган күмбөз архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003

“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]