Баян Алагөзова

Википедия дан
Алагөзова Баян‎»‎ барагынан багытталды)
Баян Алагөзова
Баян Мақсатқызы Алагөзова
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Есентаева (Мухитденова) Баян Максатовна

Туулган датасы

9 -январь 1974(1974-01-09) (50 жаш)

Туулган жери

Уральск шаары, СССР, КССР (Казакстан)

Өлкө

СССР желеги СССР Казакстан

Кесиптери

актриса, ырчы , телеалпаруучу, продюсер

Активдүү жылдары

1993 — азыркы учурда

Кызматташтык

КешYOU, Lashyn, Алау, Shine, Жанар Дугалова

Баян Максат кызы Алагөзова ошондо эле Баян Есентаева деген ат менен да белгилүү. (каз. Баян Мақсатқызы Алагөзова) - 1974 жылы 9 январда Казакстандын Орал шаарында төрөлгөн — Shine Production компаниянын башчысы.Казакстандык продюсер, телеалыпбаруучу , актриса, ырчы.Атак алып келген алгачкы ролун 1993-жылы "Махабат станциясы" тасмасында ойногон. Андан соң журналистика факультетин бүтүрүп, 7 жыл теледе диктор болуп, кийинчерээк өзүнүн автордук берүүлөрүн алып бара баштайт. Ырчы катары "Жас канат", "Азия дауысы" сынактарынын лауреаты болуп калган Баян 2006-жылы продюсерлик менен алектенүүнү туура көрүп, "КешYOU" кыздар тобун ачкан.2010 жылдын башынан тарта бир канча тасмаларда жана телесериалдарда роль ойногон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баян Есентаева 1974 жылы 9 январда Казакстандын Орал шаарында төрөлгөн.Кичинесинен эле артист болом деп чоңойгон, бирок анын каалоосуна апасы каршы чыгып, "мугалим болосуң" деп педагогикалык университетке тапшыртып коёт. Мугалимдик кесип боюнча 3 жыл билим алгандан кийин болочоктогу продюсер кино факультетине которулуп кеткенин ата-энеси кеч билишет[1]. Есентаева атак алып келген алгачкы ролун 1993-жылы "Махабат станциясы" тасмасында ойногон. Андан соң журналистика факультетин бүтүрүп, 7 жыл теледе диктор болуп. [2], кийинчерээк өзүнүн автордук берүүлөрүн алып бара баштайт. Ырчы катары "Жас канат", "Азия дауысы" сынактарынын лауреаты болуп калган Баян 2006-жылы продюсерлик менен алектенүүнү туура көрүп, "КешYOU" кыздар тобун ачкан.

2010-жылы "Ашык жүрөк" тасмасы сатыкта ийгиликтүү болуп, "Ашык жүрөк 2" фильмдин экинчи бөлүгү да тартылат. 2014-жылы Баян "Lashyn"деген жаңы топ ачат. Ошол эле жылы "КешYOU" тобунун экс-солисткасы Жанар Дугалова "Түрквизион" сынагында жеңишке жетишет. Кино тармагында да, музыка чөйрөсүндө да бирдей ийгилик жараткан Баян Есентаева "Forbes Kazakhstan" журналынын версиясы боюнча Казакстандын эң таасирдүү 50 айымынын катарына кирген. Мындан сырткары казак басылмалардын берген маалыматына ылайык, продюсер жалпы долбоорлорунан жылына миллион доллардан ашуун киреше тапкан.

2016 жылы, 10 июнда Баян Есентаева Алматы облусунун Талгар шаарындагы ооруканага бычактан жаракат алып жеткирилген.Кылмыш ишине шектелип күйөөсү кармалган. Есентаевдин иши Казакстандын Ички иштер департаментинин жеке көзөмөлүндө экени айтылган[3]

2016 жылы, 13 июнда сот билдирген. Бахыт Есентаев "адам өлтүрүүгө аракет кылды" деп айыпталып.2 айга күчөтүлгөн мөөнөттө, 10 августка чейин Сизого киргизген.[4]

2016 жылы 20 июнда Баян Есентаева ооруканадан үйүнө чыгарылган.Мындан аркы дарыланууну ал амбулатордук шартта өткөрөт.Абалы канааттандырарлык.[5]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баян Есентаева 20 жашында Бакытбек Есентаевге турмушка чыгып, анын фамилиясын алган. Ортолорунда 20 жаштагы Калып:Туулган Айсауле жана 12 жаштагы Калып:Туулган Айару деген кыздары бар. Жолдошу тууралуу маалымат аз, болгону Баян никеде бактылуу экенин гана жар салып келген.

Продюсердин бир тууган сиңдиси Багым Мухитденова да эжесинин жолун жолдоп продюсерлик кесиптин ээси.Ал эми белгилүү телеалпаруучу, ырчы Аша Матай Баяндын бир тууган эжесинин кызы.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Нукура аталышы Кыргызча аталышы Каармандык ролу
1993 Станция любви Махабат станциясы Гүлназ
2010 Астана — любовь моя Астана — махабатым менин Лаура
2010 Коктейль для звезды Ашык жүрөк Баян
2011 Коктейль для звезды 2 Ашык жүрөк 2 Баян
2014 Осторожно, корова! Абайла, уй! Айгүл
20142015 Махаббатым жүрегімде Махабаттым жүргөгүмдө Жанна

Видеографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Аталышы Режиссёру Альбому
2008 Азбука любви
2008 Shine

Телекөрсөтүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Кызматы Аталышы Телеканалы
2008 Алып баруучу Жёлтый салон Тан
2001
2004
Алып баруучу На шпильке УТК / НТК
2010 Алып баруучу Екі жұлдыз Казахстан
2011 Алып баруучу Саз әлемі Ел арна
2014 Алып баруучу Жұлдызды дода Хабар

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lua error in Модуль:External_links at line 856: attempt to concatenate field 'group1' (a nil value).