Алай, Ош аймагындагы элдик кыймыл

Википедия дан

Алай, Ош аймагындагы элдик кыймыл – 19-кылымдын 40-жылдарындагы Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүш. 1845-жылы алайлык кыргыздар Кокон бийлигине каршы күрөшкө көтөрүлгөн. Кыска мезгил ичинде элдик кыймыл Ош аймагына чейин жайылып, ордонун коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хан сарайды бийлеп турган Мусулманкул миңбашы аскерлери менен Ошко шашылыш жөнөгөн. Көтөрүлүшчүлөр Кокон аскеринин жолун тороп, катуу каршылык көрсөткөн. Курал-жарак жагынан кыйла артыкчылык кылган, такшалган, атайын даярдыгы бар аскерлерге туруштук берүү мүмкүн эмес эле. Душмандын бир нече жолку чабуулдарынын мизин кайтарып, жан аябай кармашкан соң чегинүүгө туура келген. Мусулманкул көтөрүлүштү күч менен басып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]