Аламышык, Тоо

Википедия дан
Аламышык тоосу.jpg

Аламышык, ТооИчки Теңир-Тоодогу Нарын кырка тоосунун батыш тарабы.
Нарын менен Атбашы өрөөндөрүнүн ортосунда. Узундугу 35 км, туурасы 6–20 км, басымдуу бийиктиги 3000–3300 м, эң бийик жери 3399 м. Негизинен девон, карбон мезгилдеринин акиташ тегинен турат.
Рельефи татаал: чыгышты көздөй ичкерип, Нарын кырка тоосуна белбаскак (Шаркыратма суусунун өрөөнү) аркылуу кошулат; борбордук бөлүгү бийик, капталдары тик (60°), тектирлүү, коолуу; батышы ичкерип басаңдап (периклиналь), Жанбулак коктусунан баштап түздүккө «чыгып» кетет.

Тектон. түзүлүшү боюнча –горстантиклиналь. түндүк беттериндеги капчыгайларда карагай, бадал,
түштүгүндө жарым чөлдүү кургак талаа өсүмдүктөрү, чыгышында жана бийик бөлүктөрүндө субальп тулаңы өсөт.
Тоо беттериндеги аска таштарда сүрөт чиймелер, акиташтуу жерлеринде үңкүрлөр бар.
Анын эң бийик чокусуна ретрансляциялык телекөрсөтүү ст. курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]