Аланин,

Википедия дан

Аланин, a-аланин (a-аминпропион к-тасы), СН3СН(NH2)COOH – оптикалык активдүү кристаллдык зат. Мол. масс . 89,04. DL-А. балкып эрүү t 295-296оС, L-A. 315-316оС, D – A. – 291-293оС, сууда эрийт, орг. эриткичтерде эрибейт. a-Аланин белоктун курамында жана тирүү организмдерде эркин түрдө кездешет. L-А. биосинтези пирожүзүм к-тасын аминдештирүү, переаминдештирүү жана аспарагин к-тасын b-декарбоксилдештирүү менен жүрөт. a-А. a-хлор (бром) пропион к-тасын аммонолиздөөдөн алынат. 1-жолу 1888-ж. жибектин фибрионинен бөлүнүп алган. b-А. (b-аминпропион к-тасы) H2N-CH2-CH2COOH балкып эрүү t 200оС; сууда жакшы, спиртте начар эрийт. b-А. биосинтези аспарагин к-тасын a-декарбоксилдештирүү жана пиримидин негиздерин ажыратуу менен жүрөт. Акрил к-тасына, акролеинге жана акрилнитрилге ашыкча сандагы аммиакты таасир этүүдөн алынат. А. биол. активдүү пептиддер жана пантотен к-тасын синтездөөдө, буфердик аралашма даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]