Алгачкы илимий мекемелер

Википедия дан

Республикадаги илимий маалымат берүүчү алгачкы мекеме - Архив бюросу. 1926-ж. түзүлгөн. 1936-ж. ал Кыргыз ССРинин Борбордук мамлекеттик архиви деп аталган.

  • 1927-ж. 4-августта "Фрунзе" сейсмикалык станциясы ишке кирген.
  • Кыргызстандагы 1-илим изилдөө институту - Край таануу институту 1928-ж. ачылган. Анын курамында табигый өндүргүч күчтөр, чарбалык-экономикалык жана социалдык 3 бөлүм болгон.
  • 1938-ж. Пединститутта аспирантура ачылып, илимий кадрлар даярдала баштаган.
  • 1939-ж. антисеймикалык (жер титирөөгө каршы) курулуш бюросу түзүлгөн.
  • 1947-ж. "Тянь-Шань" физикалык-география станциясы уюшулган.
  • 1950-ж. гидрометеорологиялык обсерватория түзүлгөн.
  • Эн алгачкы ири илимий борбор - Кыргыз ССР Илимдер академиясы 1954-ж. 13-декабрда түзүлгөн.