Алга, Кыргызстан!

Википедия дан

«Алга, кыргызстан!» биримдик жана өнүгүү партиясы 2003-ж. 7-сентябрда «Жаңы-Заман» биримдик жана өнүгүү партиясы, «Манас-Эл» руханий кайра жаралуу партиясы, Кыргызстан кооператорлор партиясы жана «Жаңы Кыймыл» партиясынын биригүүлөрүнүн натыйжасында түзүлгөн. «Алга, Кыргызстан» партиясына 2003-ж. «Кыргызстан Биримдик партиясы» кошулган. Саясий Кеңештин төрагасы, партиянын Уставына ылайык, алты айда бирден алмашып турат. 1-төрагасы – Б. Бегалиев, азыркысы- Т. М. Макарова. Партиянын 56 райондук жана шаардык бөлүмдөрү, 688 баштапкы уюму жана 6523 мүчөсү бар. Негизги максаты – жаңы кубаттуу экономикалык жана социалдык секирик жасоо. «Жетиген»- Кыргызстандын жети күчү - программасы иштелип чыккан: Биримдиктин күчү, Муундардын күчү, Суунун күчү, Жерлердин күчү, Жолдордун күчү, Тарыхтын күчү, Эркиндиктин күчү. 2003-ж. 12-декабрдан жума сайын чыгуучу «Алга, Кыргызстан!» газетасы бар. Саясий багыты боюнча оңчул центристтик партия. Эмблемасы менен туусу бар. Урааны: «Күчтүү Кыргызстан үчүн!».

Китептин маалыматтары: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9