Алдын ала келишим

Википедия дан

Алдын ала келишимКР жарандык мыйзамдары боюнча тараптары мүлктү өткөрүп берүү, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү (негизги келишим) жөнүндө алдын ала келишимде каралган шарттарда келишим түзүүгө милдеттенишкен макулдашуу. Алдын ала келишимдер негизги келишим үчүн белгиленген таризде түзүлөт, эгер ал белгиленбеген болсо – жазуу жүзүндө түзүлөт. Алдын ала келишимдин таризи жөнүндө эрежелерди сактабоо анын жараксыздыгына алып келет. Алдын ала келишим негизги келишимдин предметин белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү шарттарды, ошондой эле башка маанилүү шарттарды камтууга тийиш. Алдын ала келишимде тараптардын негизги келишимди түзүүгө милдеттенген мөөнөтү көрсөтүлөт, эгер ал аныкталбаса, негизги келишим алдын ала келишимге кол коюлган учурдан тартып бир жылдын ичинде түзүлүүсү керек. Эгер ал белгиленген мөөнөт бүткөнчө негизги келишим түзүлбөсө жана тараптардын бири экинчи тарапка муну сунуш кылбаса алдын ала келишим де каралган милдеттенмелер токтотулат.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7