Александрийский, Филон

Wikipedia дан
Александрийский, Филон

Александрийский Филон (б.з.ч. 30-ж. жакын — 50) — еврей ойчулу, ал өзүнүн философиясында еврейлик жана эллиндик багытты, иудаизм менен грек философиясын бириктирген.

Эски осуят туралуу[оңдоо]

Өзүнүн көз караштарын негиздөө үчүн Филон байыркы еврейлердин Ыйык жазуусун — Эски Осуятты пайдаланат. Филондун пикири боюнча Эски Осуятта дүйнө жүзүнүн бүткүл акылмандыгы камтылып турат. Бирок Филон Эски Осуятты өз көз караштарын негиздөө үчүн жөн гана пайдаланбастан, аны ал аллегориялык түрдө талкуулап-түшүндүрөт. Ал дүйнөнү Кудай жараткан дегенге таянат, бул — иудаизмдин негизги догматы. Калган бардык нерселер — мейкиндик, убакыт — дүйнө менен кошо жаралган. Филондо Кудай бирбүтүн жөнөкөй, өзгөрүлбөс бытие катарында чыгат. Анын өзү менен өзүнүн байланышынан башка эч нерсе менен эч кандай байланышы жок.

Болмуш[оңдоо]

Болмуш — недир бир сапатка ээ болбогон субстанция, ал дүйнөдө да жок, мейкиндикте да жок, ал дүйнөдө болгондордун баардыгын кучагына камтып турат. Кудай менен дүйнөнүн ортосунда Логос бар, аларды байланыштырган ошол. Мындан башка да Логос Филон үчүн — бул ички мыйзам, дүйнөнүн «жаны». космостун кыймылын багыттап турган дүйнөлүк акыл-эс. Аллегорияларды пайдалануу менен, Филон ар бир сөздөн, образдан, карама-каршылыктан, а түгүл Библиядагы каталардан (котормонун грекче текстеринде жана еврейче текстерде) түпкүрдө камтылып турган терең маанилерди көрөт. Ал, мисалы, Адам — акылды, Евадан — жашоону жана сезимди, Каинден — жат мүдөөнү жана эссиздикти көрөт. Филон библиялык текстерге акылга салып, ойлонбой ишенет жана Библиянын ар бир тамгасын эркин талдап түшүндүрөт, бул көп учурда сандырактыкка алып келет.
Филон Александрскийдин этикасы элиминациялык ышкы-кумардыктар жөнүндөгү стоикалык идеяларды бириктирүү жана адамды сезимдик да, ошондой эле сезимсиз да дүйнөгө таандык эң жогорку жаратылган нерсе деп тааныгандык болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8