Александр Афродисийлик

Wikipedia дан

Александр Афродисийлик – (Каридеги Афродисие шаарынан Кичи Азия. 2–3-к.) – байыркы грек философу, Афинадагы перипатетикалык мектептин башчысы (198–211-ж. ортосу), Аристотелдин таасирлүү комментатору.

Александр үчүн эмпирикалык натурализм мүнөздүү; ал жандын өлбөстүгүн жана убакыттын реалдуулугун четке кагат. Александр универсалдуулук маселелеринде номинализмге жакын катуу позицияны ээлеген. (универсалдуулуктун пайда болушу буюмдардан кийин», «эгер алар ой жүгүртпөгөндө, алар болмок эмес») «Жан жөнүндө» чыгармасынын комментарийинде акылдын үч жактуулугу (нусту) оргиналдык концепциясын өнүктүргөн. Ал орто кылымдагы араб жана еврей философиясына таасирин тийгизген.

Александрдын кадыр-баркы байыркы мезгилде өтө жогору болгон («экинчи Аристотель») анын комментарийлери эмдигиче илимий маанисин сактап келүүдө.

Бизге жеткен комментарийлери

  1. «Метафизикага» (А. А-ге тиешелүү китептер 1–5, 6–14-византиялык комментатор Михаил Эффескийге);
  2. биринчи китепке «Биринчи аналитиканы»;
  3. «топике»;
  4. сезимдер ж-дө
  5. «Метереологияга», о. эле өз алдынча «майда сочинениелер»;
  6. «жан жөнүндө»;
  7. “рок жөнүндө” (стоикалык фатализмге каршы эркиндикти коргоо);
  8. үч китептен турган априялар жана чечимдер;
  9. «нравалык проблемалар»;
  10. «биригүү жана өсүү жөнүндө».


Колдонулган адабияттар[оңдоо]