Алим хан
Wikipedia дан
1798–1810-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Өзбектин Миң сулалесинин (династиясынын) өкүлү, Нарбото бийдин уулу. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеңейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкенди ж-а Чымкентти ээлеген. Кетментөбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Бийлик үчүн күрөштө козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.