Алишер уулу Жакыпбек, Айдартегин

Википедия дан
Алишер уулу Жакыпбек , Айдартегин‎»‎ барагынан багытталды)

Айдаров Жакыпбек Алишерович – белгилуу медицина тармагындагы адис,Талас облусундагы санитардык көзөмөлдөө департаментинин башкы дарыгери .

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1956-жылы 8-июлда Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Кара Буура районундагы Кызыл Адыр айылында туулган. 1973-жылы айылындагы орто мектепти аяктаган. Бир жыл мурдагы Ош облусунун (азыркы Баткен облусунун) Кадамжай шаарчасында эмгектенген. 1974-1976 жылдары Советтик Армиянын катарында Сибирь аскердик округунда кызмат отогон. 1977-1983-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтунун санитардык-гигиеналык факультетинде окуп, аны артыкчылык журум туруму менен, эн жакшы деген баалар менен аяктаган.

Талас шаарындагы Облустук санитардык эпидемиялык станциясында(СЭС) (1983-1986)санитардык дарыгер, санитардык болумдун болум башчысы, (1995-1999) Манас районунун СЭС-нын башкы дарыгери ,(1999-2004) Талас шаарынын башкы дарыгери,бир эле мезгилде Талас облусунун башкы дарыгеринин орун басары жана (2006) Талас облусунун башкы дарыгери кызматтарын аркалаган. 2004 жылдан 2006 жылга чейин Улуу Британия мамлекетинин эл аралык кызматташтык уюму менен биргеликте ( DFID )Ысык Кол, Нарын, Талас облустарынын электеги санитардык абал проектисинин тренери, координатору болуп эмгектенген.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде жарыяланган бир катар монографиялардын, окуу китептердин жана макалалардын автору.

Интернеттеги шилтемелер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]