Аллантоис

Википедия дан

Аллантоис (гр. allantoeides – колбасасымалдуу) – татаал түзүлүштүү омурткалуу жаныбарлардын - сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөрдүн түйүлдүк катмарынын бири. А. түйүлдүктүн ичеги түтүгүнүн арткы бөлүгүнүн өсүндүсү катары пайда болот. Сойлоп жүрүүчүлөр менен канаттууларда хориондун жана А-тин мезодермалык катмардын биригишинен хориоаллантоис пайда болуп, ал формасы боюнча баштыкка окшош келип, абдан өсүп амнион менен жумуртканы сарылык баштыкчасын сыртынан каптайт. Хориоаллантоис көптөгөн кан тамырлар менен камсыз болгондуктан түйүлдүктүн дем алуу органы жана анын зат алмашуудагы бөлүп чыгарган продуктусун (заттарды, көбүнчөсүн сийдикти) чогултуучу орган катары эсептелет. Сүт эмүүчүлөрдүн А. анча чоң эмес, анын мезенхимасында киндиктин кан тамырлары пайда болот. Кийинчерээк түйүлдүктүн А. табарсык (сүт эмүүчүлөрдө) же клоака (канаттуулар жана сойлоп жүрүүчүлөрдө) пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]