Аллель

Википедия дан

Аллель (гр. allelon - өз ара) - гомол., башкача атйканда жуп хромосомалардын бирдей бөлүктөрүндө (локустарында) жайгашып, бир эле белгинин өөрчүшүн аныктоочу тукум куума бирдик - ген. А. термини илимге киргиче бул гендер аллеломорфтор деп аталып келген. Ар бир ген өзүнүн белгисин аныктай турган экиден кем эмес А-дик абалда болот. А. тукум куума белгинин өөрчүшүн камсыз кылып, басымдуулук (доминанттык) касиетке, А. ошондой эле тукум куума белгини көмүскө түрдө сактап, рецессивдик абалга ээ. Мисалы, адамда доминанттык А. көздүн кара түсүн, ал эми рецессивдик А. көздүн көк түсүн аныктайт. Өсүмдүктө доминанттык А. түстүү гүлдөрдүн, рецессивдик А. түссүз гүлдөрдүн өөрчүшүн аныктайт. Доминанттык А-ди белгилөө үчүн баш тамга (А), рецессивдик А-ге кичине тамга - (а) колдонулат. Бир А-дик жупка кирүүчү гендер бирдей тамга менен белгиленет, мисалы, АА, Аа, аа же ВВ, Вв, вв ж. у. с. Гомол. жуп хромосомалардын ар биринде ошол гендин бир гана А-и орун алышы мүмкүн, анткени мейоз учурунда алар ар башка гаметаларга бөлүнүп кетет.

Айрым учурда А-дик гендерге экиден көп А-дер кирет, булар көп А-дер деп аталат. Көп А-дер хромосоманын бир эле локусунун (гендин) көп жолу мутацияланышынан пайда болот. Мисалы, адамдын кан топтору (топтору) үч А. - А. В. 0 (нөл) менен аныкталат. А. 0 (нөл) кандын I тобун; А А. кандын II ; В А. кандын III тобун; АВ А. кандын IV тобун аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]