Аллигаторлор

Википедия дан
Аллигатор сымалдуулар‎»‎ барагынан багытталды)
кытай аллигатору (Alligator mississippiensis).

Аллигаторлор (лат. Alligatoridae) - сойлоочулардын крокодилдер түркүмүнүн уруусу. Узундугу 1 мден 6 мге жетет. 4 уруусу, 7 түрү бар. Түндүк Американын түштүк-чыгыш жагында, Түштүк Америкада, Кытайда жашайт. Көбүнчө тузсуз көлмөлөрдө тиричилигин өткөрөт. Балыктар, моллюскалар, раксымалдар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, кээде сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Адам үчүн анча коркунучсузундугу Кытай аллигаторлорнун узундугу 2 мге жетет. Суунун, көлдүн жээктеринде ийиндерде жашайт. Уясын жээктеги өсүмдүктүн арасына салып 10-40 жумуртка тууйт. Аз кездешүүчү түр болгондуктан ЖКЭСтин Кызыл китебине катталган. Коруктарда корголот, зоопарктарда көбөйтүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүлүүдө. Миссисипи аллигаторлорунун узундугу 5 мге жетет. Ал башкалардан айырмаланып, алдыңкы бутунун манжалары жаргакча менен бириккен. Түштүкчыгыш Америкада көп кездешет. Ургаачысы 2040 жумуртка тууп, аны кайтарып, тукуму жөнүндө кам көрөт. Жашоо узактыгы 85 жыл. Анын терисинен сумка, бут кийим, кур ж. б. жасалат.

крокодилдердин бир тукуму, буларга (Alligator) — кадимки аллигаторлор (уруу); (A. sinensis) — кытай аллигатору, (А. mississippiensis) — Миссисипии аллигатору кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]