Алмазбек Раимкулов

Википедия дан
Алмазбек Раимкулов
Жеке маалыматы
Жынысы

эркек

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Боксёр

Төрөлгөн датасы

18 -февраль 1977(1977-02-18) (47 жаш)

Төрөлгөн жери

Бишкек (мурдагысы Фрунзе), Кыргыз ССРи, СССР. (Кыргызстан)

Спорттук карьерасы

20012009 (?)

Иштөөчү бөлүгү

Он кол

машыктыруучу

Кален Асанов

Бою

170 см

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери

Kid Diamond

Алмазбек Раимкулов (англ. Almazbek Raimkulov) ошондой эле Кид Даймонд (англ. Kid Diamond) ысымы менен да белгилүү; 18-февраль 1977, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык боксёр. Кыргызстандын он жолку чемпиону. Бокс боюнча профессионалдар арасында Түндүк Американын чемпиону. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2005).

Өмүр баяны жана карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алмазбек Раимкулов он төрт жашынан тартып КР эмгек сиңирген спорт чебери, машыктыруучу Кален Асановдон сабак алып, машыга баштаган. Он беш жашында спорт чеберине талапкер болсо, он тогуз жашында КРнын спорт чебери болгон. Андан кийин 23 жашында эл аралык спорт чеберине жеткен. 2000-жылы Сиднейде өткөн олимпиадада төртүнчү орунду ээлеп, КР эмгек сиңирген спорт чеберлигине татыктуу болгон. Алмазбек Раимкулов эл аралык мелдештерде бир нече жолу жогорку ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын желегин желбиреткен. Кыргызстандын он жолку чемпиону. 2001-жылдан тартып профессионалдуу бокска аралашып, АКШнын Лас-Вегас шаарында жашап, спорт менен машыгып келген. 2005-жылы үч жолку дүйнөнүн чемпиону, Атланта олимпиадасынан алтын байгени уткан кубалык Хоел Касамайор менен дүйнөлүк чемпиондук таймашка чыккан. Бирок, бул таймашта жеңиш Алмаз тарапта болсо да калыстар тобу эки мушкерге бирдей баа беришкен. Себеби, таймаш болордо Алмазбек Раимкуловго АКШ желеги менен чыгуу сунушталган эле. Андан Алмазбек баш тарткан. Алмазбек Раимкулов 2006-жылдын сентябрь айында Түндүк Американын НАБФ версиясындагы чемпиондукту жеңип алган

Статистикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

26 Жеңиш (14 нокаут менен, 11 калыстардын чечими менен, 1 дисквалификация.), 2 Жеңилүү (1 нокаут менен, 1 калыстардын чечими менен), 1 Тең чыгуу
Жыйынтыгы Рекорду Каршылашы Ж.ш/ Ж.ү / Т[1] Ыкмасы Датасы Орду Эскертмелер
Жеңилүү 29-2 Антонио ДеМарко 20-1-1 RTD 7-февраль 2009 Honda Center, Анахейм, Калифорния
Жеңиш 28-1 Хавер Жаереги 53-15-2 MD 19-сентябрь 2008 Buffalo Bill's Star Arena, Примм, Невада
Жеңиш 27-1 Лео Мартинез 13-11-0 RTD 20-июнь 2008 Aragon Ballroom 1106 W Lawrence, Чикаго, Иллинойс
Жеңиш 26-1 Михаель Ангель Хуерте 24-7-1 SD 14-июнь (?) 2008 Main Street Armory, Рошестер, Нью-Йорк
Жеңиш 25-1 Емануель Аугустус 34-27-6 UD 11-январь 2007 New Alhambra, Филадельфия, Пенсильвания
Жеңиш 24-1 Хайро Рафаель Рамирез 20-2-0 TКО 14-сентябрь 2006 Orleans Hotel & Casino, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 23-1 Антонио Вонг 10-6-1 TКО 27-июль 2006 Mohegan Sun Casino, Ункасвилль, Коннектикут
Жеңиш 22-1 Хосе Кинтана 12-10-2 DQ 2-февраль 2006 The Aladdin, Лас-Вегас, Невада
Жеңилүү 21-1 Нейт Кэмпбелл 26-4-1 TКО 1-октябрь 2005 St. Pete Times Forum, Тампа, Флорида
Тең чыгуу 21-0 Жоель Касамейор 31-3-0 PTS (?) 11-июнь 2005 Madison Square Garden, Нью-Йорк, Нью-Йорк
Жеңиш 20-0 Коба Гоголадзе 17-0-0 TКО 4-март 2005 Silver Star Hotel & Casino, Чоктаун, Миссисипи
Жеңиш 19-0 Ламар Мерфи 29-9-0 TКО ? 2004 MGM Grand, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 18-0 Хосе Луис Сото Карасс 20-7-0 TКО 18-сентябрь 2004 MGM Grand, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 17-0 Рикардо Фуентес 17-2-0 TКО 31-июль 2004 MGM Grand, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 16-0 Рей Нар 10-0-0 КО 5-июнь 2004 MGM Grand, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 15-0 Луис Альфонсо Лизарага 31-30-4 UD 13-март 2004 Mandalay Bay Resort & Casino, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 14-0 Паскали Адорно 7-2-2 UD 13-декабрь 2003 Michael's Eighth Avenue, Глен Бурни, Мериленд
Жеңиш 13-0 Рафаель Ортиз 8-8-0 КО 1-декабрь 2003 Stardust Hotel & Casino, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 12-0 Хуан Ангель Месиас 29-19-2 UD (?) 2003 MGM Grand, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 11-0 Серихо Сото 11-7-1 UD 28-март 2003 Orleans Hotel & Casino, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 10-0 Дюглас Виллариал 27-9-1 КО 13-июль 2002 Packard Music Hall, Варрен, Огайо
Жеңиш 9-0 Алан Окюин 5-5-2 TКО 11-май (?) 2002 Grand Casino, Билокси, Миссисипи
Жеңиш 8-0 Оскар Марсалез 2-1-1 TКО 27-апрель (?) 2002 Cox Convention Center, Оклахома-Сити, Оклахома
Жеңиш 7-0 Хуан Мартин Рамирез 0-1-0 UD 12-апрель 2002 Stardust Hotel & Casino, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 6-0 Алам Гонгалез 8-5-0 UD 9-декабрь 2001 Spa Resort Casino, Палм-Спрингс, Калифорния
Жеңиш 5-0 Майкл Жемисон 10-3-0 TКО 24-август 2001 Orleans Hotel & Casino, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 4-0 Ентони Ойомо 1-3-4 UD 13-июль 2001 Agua Caliente Casino, Палм-Спрингс, Калифорния
Жеңиш 3-0 Жорж Касос Дебют TКО 5-июнь 2001 Fremont Street Experience, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 2-0 Теренс Браун 3-10-0 UD 18-май 2001 Orleans Hotel & Casino, Лас-Вегас, Невада
Жеңиш 1-0 Адриано Дос Сантос 7-2-1 TКО 27-апрель 2001 Orleans Hotel & Casino, Лас-Вегас, Невада Дебют.

Булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://boxrec.com/en/boxer/41732 - Алмазбек Раимкулов

  1. Жеңиш-Жеңилүү-Тен чыгуу