Алмалык шаары

Википедия дан

Алмалык шаарыЖети-Суу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Иле суусунун боюнда, азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районун аймагынан орун алган. Биринчи жолу 13-кылымдын башталышында эскерилет. Ал мезгилде Алмалыкты каңгылар уруусунан чыккан каракчы Озар ээлеп алган. Ал Чыңгыз хан менен найман канзаадасы Күчлүккө каршы союз түзгөн. Күчлүк Озарды аң уулап жүргөн жеринен кармап алып, шаарды камоого алган, бирок моңгол аскерлери жакындап келгендиктен чегинип, туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чыңгыз хан Алмалыкты Озардын уулу Сукпак тегинге берген. Чагатайдын буйругу менен асканы бузуп, 48 жыгач көпүрө салышкан, ал көпүрөлөр эки араба жанаша өткүдөй кенен болгон. Шаар Иле суусунун түндүк тарабынан орун алып, капчыгайдын оозунан Алмалыкка чейин бир күндүк жол болгон.

Моңголдордун үстөмдүгү мезгилинде Иле өрөөнү аркылуу Батыш Азиядан Чыгыш Азияга эң маанилүү соода жолу өтүп, Алмалыктын жогорулашына түрткү болгон. Чагатай улусунун ханы Кебектин учурунда (1318-26) улустун борбору Алмалыктан Мавераннахрга көчүрүлгөн. 1335жылдан кийин Алмалык кайрадан Чагатай улусунун борборуна айланган, ошондой эле чагатайлар ээлеген аймактагы хандар жашаган негизги шаарлардын бири болгон. 1338-39-ж. Алмалыкта Европадан келген католик миссионерлеринин жана жергиликтүү будда жрецтеринин ишмердиги күч алып, католиктердин чиркөөсү курула баштаган. 1340-ж. христиандарды куугунтуктоодон улам Алмалыктагы алардын ишмердиги токтогон. 14-кылымдын 2-жарымынан А. Моголстан мамлекетинин борбору болгон. Моголстандын 1-ханы Тоглук Темирдин (1348-63) сөөгү Алмалык шаарынын жанына коюлуп, күмбөз тургузулган. Эмир Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынан кийин (1357, 1383, 1390) Алмалык шаары кыйраган. 1950-ж. кытай археологу Хуан Вэнби жана соңку жылдарда Шинжаң тарых музейинин археологиялык экспедициясы тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, чопо жана фарфор идиштери, орто кылымдарда өзгөчө баалуу Кытайдын селадон фарфор идиштери, Чагатай улусунун алтын, күмүш теңгелери, металлдан жасалган турмуш-тиричилик буюмдары, эмгек куралдары, түрк тилиндеги несториан эстеликтери ж.б. табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]