Сатар Алмамбетов

Википедия дан
Алмамбетов, Сатар‎»‎ барагынан багытталды)

Сатар Алмамбетов, Сатыш Алмамбет, Беталман (?-?) - жазуучу, агартуучу.

Кыргызстандын Нарын облусунун аймагында (балким, Жумгал районунда) туулган.

Алматы шаарында жогорку окуу жайда укук факультетинде окуган.

Кыргызстандын прокурорунун орун басары кызматына чейин жеткени айтылат.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка чейин Кыргызстандын агартуу тармагында иштеген. Айрым маалыматтарга караганда юридикалык билими да болгон. Анын "Кулан мерген" аттуу чакан дастаны 1941-жылы "Кыргызмамбас" басмаканасы тарабынан жарыяланган.

Сатар Алмамбетов 1941-жылы согушка чакыртылып, кыязы ошол эле жылы немисттик туткунга түшкөн. Борбор Азиялык миңдеген согуш туткундары сыяктуу эле Мустафа Чокай (Мустафа Чокаев) уюштурган "Түркстан легионуна" кирген. Кыязы, легиондун кыргыздар үчүн жооптуу кишиси болгон.

1943-жылы Берлинде "Манастын" (Тыныбектин варианты) үзүндүсүн китеп кылып чыгарткан, ага баш сөз жазган. Согуш жылдары Берлинде жарык көрүп турган "Миллий Түркстан" журналына ар түрдүү темадагы (Советтик мыйзам системасы, кыргыз адабияты, репрессия ж.б.) макалаларды "Беталман" деген ат менен жазган.

Бул адабий ысымы өз атасынын атынын муундарын алмаштыруудан эле жасалган (Бет+Алман).

Экинчи согуш маалында да жазуучулукту уланткан. Ага анын автобиографиялык мазмундагы аңгемелери, ырлары мисал.

"Миллий Түркстан" журналынын бир нече санына Фрунзеден (азыркы Бишкек) согушка аттанганын, туткунга түшүп калышынын шартын чоң чеберчиликте сүрөттөгөн.

Нацисттик Германиянын шыкагы менен түзүлгөн сүргүндөгү Түркстан өкмөтүнүн жетекчи орун басарларынан болгон.

Франция аймагында Батыш ынтымагынын абагына түшкөн, бирок абактан бошотулган. Анын абактан бошотулушуна Азамат Алтай да салым кошкон.

Согуштан кийин ыктыяры менен Советтер Биримдигине өтүп келген жана чыккынчы катары узак жылга соттолгон.

Билгендер анын Сибирде ГУЛагда отургандыгын айтышат.

1950-жылдардын экинчи жарымында, Никита Хрущевдин тушунда, абактан (ГУЛАГ) бошонуп, Кыргызстанга кайтып келген.

Кыска мөөнөткө "Советтик Кыргызстан" гезитинде корректор болуп иштеген, бирок ал жерден айдалган.

1950-жылдардын соңунда кургак учуктан өлгөн.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азаттык үналгысы

Би-Би-Си Кыргыз кызматы