Алмаштырбас амин кислоталары

Википедия дан

Алмаштырбас амин кислоталары – дайыма белок курамында кездешүүчү адам жана жаныбарлар организминде синтезделбеген амин к-талары. Мындай амин к-талар – валин, лейцин, фенилаланин, треонин, лизин, триптофан жана башка кирет. А. а. к-дагы көмүртек атомунун окистенүү даражасы – алмаштыруучу амин к-таларга салыштырмалуу оң зарядда болушат. Эгерде жаныбарлардын азыгында бир же бир нече А. а.к. жетишсиз болсо, алардын нормалдуу өнүгүшү бузулат, себеби организмде белок синтезделүү деңгээли төмөндөйт. Азык заттарга А. а.к-ды кошкондо айыл чарбасынын эффективдүүлүгү жогорулайт. Мис., 0,2-0,5 % лизинди кошкондо канаттуулар жана чочко чарбачылыгы өндүрүмдүүлүгү 10-13 % жогорулайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]