Алма кислотасы,

Википедия дан

Алма кислотасы, (эки негиздүү 3 атомдуу оксикислота), НООС-СНОН-СН2-СООН – түссүз, жагымдуу кычкыл даамдуу, сууда жакшы эрүүчү зат, мол.масс. 134,09. Биринчи жолу 1785-ж. К.Шееле көк алмадан бөлүп алган А. к. 2 энантиомери жана оптикалык активсиз рацематы белгилүү.

1) L(-) А.к. жаратылышта кеңири таралган. Эрүү t 99-100о, уюлданган жарыктын тегиздигин солго айландырат (a)D= -5,70 (ацетондо). Аны быша элек жемиштерден - алма, жүзүм, бөрүкарагатан жана башка бөлүп алууга болот. 2) D(+) А. к. (a)D= +5,7о (ацетондо) жаратылышта аз кездешет. Анын рацематын (±) ажыратуудан жана шарап к-тасын (HI м-н) калыбына келтирүүдөн алынат.

НООС(СНОН)2-СООН+2НIНООС + (СНОН)СН2-СООН+Н2О+I2

3) Рацемат (±) А.к. эрүү t 130-131оС. Жүзүм к-тасын калыбына келтирүүдөн, А. к. нымдуу күмүш гидроксидин таасир кылуудан жана фумар же малеин к-тасын суюлтулган H2SO4 катышуусунда гидротациялоодон алынат:

AgOH

НООС-СНBr-СН2-СООН  НООС-СНОН-СН2-СООН+AgBr

Н+

НООС-СН=СН-СООН+НОН  НООС-СНОН-СН2-СООН

Бул реакциянын биологиялык мааниси чоң. Тирүү организмде углеводдун ажырашынан ферметтин (фумаратгидратаза) таасиринде жогорудагы реакциялар жүрөт. А.к. хим. касиети a- жана b- окси к-таларга окшош болот, баскычтуу ысытуудан ар кандай заттар - 100оС лактиттерге окшош ангидриддер, 140-150оС фумар к-тасы, 180оC малеин ангидриди алынат. Суутек пероксиди же калий перманганаты менен окистенгенде оксиалилуксус к-тасы пайда болот. А. к. HI менен калыбына келтирүүдө таза акак к-тасы алынат. Мочевина менен конденцациялоодо урацил алынат. А.к. медицинада жана тамак-аш өнөр жайларда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]