Алтан Тобчи

Википедия дан

«АЛТАН ТОБЧИ» – 17-кылымдарда лама окумуштуусу Лубсан Данзан тарабынан жазылган моңгол тилиндеги кол жазма. Анда 1240-жылы жазылган «Моңголдордун тымызын тарыхы» («Моңголын ничуга тобчийан») баяндалат. «Алтан Тобчи» жылнаамасынын басымдуу бөлүгү Чыңгыз хандын балалыгы, жаштык курагы, мамллекеттик ишмердүүлүгүнө жана ал жөнүндө кийинчирээк пайда болгон уламыштарга арналган. Жылнаамада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар жөнүндө да маалыматтар кездешет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”