Алтынбек Исмаилов

Википедия дан
Алтынбек Исмаилов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Алтынбек Исмаилов
Туулган жылы: 1982-жылы 1-январь
Туулган жери: Көлдүк айылы, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын
Учурдагы кызматы: Окутуучу

Алтынбек Исмаилов 1982-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. 2005-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология факультетин бүтүргөн. Алгачкы “Таш күзгү” аттуу поэтикалык жыйнагы 2008-жылы жарык көргөн. Ырлары азербайжан, англис, башкыр, грузин, казак, кытай, түрк, түркмөн, өзбек жана орус тилине которулган. Ал көркөм котормого да аралашып, суфистик-мистикалык поэзиянын ири өкүлдөрү Мевлана Желаледдин Руми менен Юнус Эмренин ырларын түркчөдөн кыргызчага которуп, өзүнчө китеп кылып чыгарган. А. Исмаиловдун тил, адабиятка байланышкан илимий макалалары эл аралык жана жергиликтүү газета, журналдарга жарыяланган. 2005-жылы Крымда өткөн «Түрк калктарынын эл аралык  VI поэзия  фестивалынын», 2006-жылы Астана шаарындагы чыгармачыл жаштардын эл аралык «Шабыт» поэзия фестивалынын, 2007-жылы Түркияда өткөн IX Эл аралык поэзия фестивалынын дипломанты болгон. 2007-жылы Мевлана Желаледдин Руминин 800 жылдык мааракесине арналган Республикалык мелдештин баш байге ээси, 2008-жылы Республикалык жаштардын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты, 2011-жылы Кыргыз Радиосунун 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн Акындык өнөр боюнча «Таланттар таймашы» уктуруусунун жеңүүчүсү деп табылган. 2015-жылы Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган “Беш акын” теледолбоорунун баш байгесине татып, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” жана Республикалык Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлы, ал эми 2022-жылы Түркия Жазуучулар союзунун Сезайи Каракоч атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. 2007-жылдан бери Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы координатору. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебине караштуу Кыргыз тили координаторлугунун координатору болуп эмгектенүүдө.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Таш күзгү: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2008.  56 б.
  • Таш күзгү: Ырлар. (2-басылышы). – Б.: Бийиктик, 2009.  56 б.
  • Таш күзгү: Ырлар. (3-басылышы) – Б.: Бийиктик, 2012.  56 б.
  • Агыш түн: Ырлар жана котормолор. – Б.: Danek books, 2020.  168 б. .

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юнус Эмре: Сүйүүнүн Султаны Юнус Эмре. – Б.: Бийиктик, 2005. – 120 б.
  • Юнус Эмре: Сүйүүнүн Султаны Юнус Эмре. (2-басылышы). – Б.: Бийиктик, 2010. – 120 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]