Алтыр улусу

Википедия дан

Алтыр улусу, Олтыр улусу – 17–18-кылымдагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы админстративдик аймактык бирдик. Улус Абакандын сол жээгинен, Уйбат жана Таштын дарыяларынын ортосунан орун алып, түштүгүндө Енисейдин жогорку агымындагы аймактарды камтыган. Улустун жашоочулары орус документтеринде «жогорку кыргыздар» деп аталган. Алтыр улусунун чегине Сагай, Четипүүр, Сарыглар, Ичеги, Белтир, Табын, [Саян]], Чыстар, Иргит, Хахпына жана башка аймактар, кыштым жерлери – Том, Мрассу, Кондом дарыяларынын, Кузнецк Ала-Тоосунун токойлуу–тоолуу өрөөндөрү, Түндүк Алтайдан Төлөс (Телец) көлүнө чейинки аймактар кирген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]