Алтысар улусу

Википедия дан
Алтысар‎»‎ барагынан багытталды)

АЛТЫСАР УЛУСУ, Алтын зархы – 17–18-кылымдагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы административдик аймактык бирдик. Кыргыз жеринин түндүгүндөгү Июс жана Теңир-Көл өрөөндөрүндө Алтысар улусу жайгашкан. Орус документтеринде алтысарлыктарды (алтынсары) Енисейдин төмөнкү агымында жашаган «төмөнкү кыргыздар» деп аташкан.

Моңгол жеңип алууларынан баштап, кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн эле. Ак жана кара Июс дарыяларынын ортолугундагы жерлерде тектүү кыргыз бектеринин өргөөлөрү жайгашкан. Ошондон улам, алтысарлыктар «Чоң кыргыздар» деген экинчи атка да ээ болушкан. Кыргыз улустары Кызыл, Шуй, Камлар, Ачин, Исар деген аймактардан турган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]