Алтьюссер

Википедия дан

Алтьюссер Луи (Althusser 1990) – француз философу, марксист.

Париждеги жогорку нормалдуу мектептин профессору, Испаниядагы жана Франциядагы граждандык согуштун катышуучусу. Философиянын теориялык жана методологиялык проблемаларын диалектиканы, таанып билүү теориясын, илимдердин байланышын: идеологияны жана философияны; теорияны жана практиканы (теориялык тажрыйбаны илимдердин өндүрүшү катары) таанып билүүнүн өзгөчөлүгүн, философиянын предметин жана тарыхын иштеп чыккан. А. марксизмди илимдин жана философиянын теориясы, илимий жана философиялык революция катары ой жүгүртүүгө аракет кылат. А. биринчи кезекте марксисттик философиянын теориялык таанып билүүчүлүк проблемаларын бөлүп берген жана «Капиталдын» консептуалдык түзүлүшүн анализдейт. А. илим менен идеологияны бири-бири менен карама-каршы коет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine