Алыкул таануу

Википедия дан

АЛЫКУЛТААНУУ – кыргыз адабияттаануу илиминин бир тармагы. Акын А. Осмоновдун чыг-лыгын изилдейт. А. Осмонов кыргыз поэзиясынын єнїгїшїнє, анын профессионалдык деўгээлинин жогорулашына салмактуу үлүш кошкон. Анын акындык табылгалары кыргыз поэзиясынын кийинки муундарына кїчтїї таасирин тийгизди. Осмоновдун чыг-лык єнєрканасы, анын идеялык-эстетикалык, поэтикалык табылгалары 1940-жылдардын экинчи жарымынан адабий сындын предметине айлана баштаган. Акындын чыг-лыгы улуттук поэзиябыздагы жаўыча кєрїнїш экенин анын тирїї кезинде эле айрым кыраакы калемдештери, тактап айтканда Ясыр Шиваза м-н Кайсын Кулиев «Алыкул Осмонов» (1946) аттуу макаласында аны «кїчтїї ойдун акыны» деп атоо м-н ырасташкан. Ал эми М. Алыбаевдин «Мааниси жок махабат» (1947), Ж. Бердибаевдин «Менин жерим – ырдын жери» (1947), Ж. Самагановдун «Бир чыгармага арналган їч макала тууралуу» (1948) аттуу макалаларда сынчылар ошол мезгилде адабияттаануу илиминде орун алган кесепеттїї вульгардык-социол. сындын таасири, акындын жаўычыл поэзиясын тїшїнгїсї келбегендиги байкалат. *1950-ж. Москвадан «Советский писатель» басмасынан А. Осмоновдун «Мой дом» аттуу ыр жыйнагы жарык кєрєт. Котормочу С. Липкин ушул китепке жазган баш сєзїндє А. Осмоновдун чыныгы реалист акын экендигин белгилейт. О. эле 1955–58-ж. акындын «Тандалмалары» орус тилинде Москвадан жарык кєрєт. Борб. басмасєз беттеринде, адабий талкууларда кыргыз поэзиясынын таланттуу єкїлї А. Осмоновдун чыг-лыгына байланыштуу жакшы пикирлер айтылган. И. Бутенко, С. Даронян, Л. Лебедева, М. Рудов, А. Яшин акындын поэзиясындагы идеялык мазмундун тереўдиги м-н поэтикалык форманын шайкештиги ж-дє єз бааларын беришкен. *Кыргыз адабияттаануу илиминде ж-а адабий сынында єткєн к-дын 50-жылдарында А. Осмоновдун чыг-лык дїйнєсїн эстетикалык жактан ачуунун мезгили болгондугу талашсыз. Акындын оригиналдуу, жаўычыл, чоў арыштуу сїрєткер экенин ил. багытта адеп ачып кєрсєткєн, жандили м-н кайра-кайра жар салган сынчы Ш. Їмєталиев болгон. Бул он жылдыктын ичинде Їмєталиевдин «А. Осмоновдун поэзиясы» (1956), «Актуалдуу ойдун акыны» (1954), «Канаттуу поэзия» (1956), «Турмуш жана акын» (1958) аттуу макалалары ж-а «Алыкул Осмонов. Ємїрї ж-а чыгармалары» (1958) аттуу монографиясы жарык кєргєн. Андан кийин А. Осмонов чыг-лыгынын жалпы ж-а жеке маселелерин козгогон кандидаттык диссертациялар жазылып, єзїнчє китеп тїрїндє басылып чыккан. Алар: «А. Осмонов» (Р. Кыдырбаева, 1957), «А. Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новатордук» (А. Садыков, 1962), «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (К. Кырбашев, 1967), «Пламенный поэт» (З. Мамытбеков, 1971). Адабиятчылар К. Артыкбаев, К. Асаналиев, К. Бобулов, М. Борбугулов, К. Даутов, К. Укаев тарабынан акындын поэзиясы тууралуу атайын макалалар жазылып, чебер тыянактар чыгарылган. *Акындын адабий мурастары орусча котормолор аркылуу башка тилдїї элдердин да маданий кенчине айланды. Москвадан акындын «Тандалмалары» (1975), «Кыргызстан» басмасынан «Отчий край» (1987) деген жыйнагы басылып чыккан. А. Осмоновдун чыгармаларын которуу маселелерине арналган алгачкы эмгек З. Мамытбековго таандык. В. И. Шаповаловдун докторлук диссертациясында да таланттуу акындын айрым чыгармаларынын котормолору тууралуу сєз болгон. А. жаатындагы соңку эмгектердин бири – С. Жигитовдун «Акындын эки өмүрү» (А. Осмоновдун ємїр таржымалы жана чыгармачылыгы) монографиясын (1998) ушул багыттагы изилдєєлєрдїн жетишкендиги, бийиктиги катары баалоого болот. Бул эмгекте таланттуу акын, котормочу жана драматург А. Осмоновдун лирикалык ж-а лирика-эпикалык чыгармалары, пьесалары, котормолору ил. принциптердин негизинде толук объективдїї талдоого алынган. О. эле ад-ттын теориялык маселелери, акындын лирикалык єзїн єзї туюнтуусу, драмалык, котормочулук иск-восу жөнүндө сөз болот. А. Осмоновдун адабий мурасы калкыбыздын азыркы ж-а болочок рухий турмушунда активдїїлїгїн, актуалдуулугун жоготпой ємїр сїрїїдє, акындык кесипке талаптангандар їчїн єрнєктїї таалим-тарбия мектеби катары кызмат єтєєдє. А. Осмоновдун чыг-лыгына байланыштуу келечекте дагы жаўы-жаўы ил.-изилдєєлєрдїн жазылышы кїтїлїї мыйзамченемдїїлїк.

Адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 томдук. Ф., 1987, 1990; Кыргыз адабияттаануу илими жана сыны. 2 томдук. Б., 2005.