Алымдары төлөнбөй жеткирилди

Википедия дан

Алымдары төлөнбөй жеткирилди (DDU) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөн ташып чыгаруучу өлкөнүн жерине чейин товар жеткирип берет. Сатуучу товар ташып чыгарууда төлөнүүчү алым, салык ж. б. ырасмий жыйымдарды кошпогондо, калган товар жеткирүүгө байланыштуу баардык тобокелчилик менен чыгымдарды, ошондой эле бажы жолжоболорун жасоо боюнча тобокелчилик менен чыгымдарын толук көтөрөт. Сатуучу товар ташып чыгарууда өз маалында «тазалабай» коюудан улам келип чыккан кошумча чыгымдарды өзү төлөйт, тобокелчилигин өзү көтөрөт. Товар ташуунун кайсы түрүнө карабастан, ушундай шарт колдонулат.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7