Алымдары төлөнүп жеткирилди

Википедия дан

Алымдары төлөнүп жеткирилди (DDP) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт.

Ал боюнча сатуучу өз товарын соода-сатык келишиминде каралган күнү же мөөнөттө өлкөнүн макулдашылган товар ташып чыгаруучу жерине чейин жеткирип берүүгө милдеткер болот. Алымы, салыгы менен кошо, товар ташып чыгаруу үчүн «тазаланган» товарды жеткирүү боюнча баардык тобокелчилик менен чыгымдарды сатуучу өзү көтөрөт. Жеткирүүгө макулдашылган жерде сатып алуучу товарды кабыл алууга милдеттүү. Макулдашылган жерде сатуучу тарабынан товар тапшырылган соң, товарга байланыштуу калган тобокелчилик менен чыгымдардын баардыгын сатып алуучу өзү көтөрөт.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7