Алымкулов Эмилбек Абдыраимович

Википедия дан

Алымкулов, Эмилбек Абдыраимович - зооинженер.

1966-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылында туулган. 1988-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн. Запастагы лейтенант. 1988-жылы Тянь-Шань райкомунун Коммунизм колхозунда зоотехник селикционер. 2-январь 1989 – жылдан ошол эле чарбада башкы зоотехник, 5-март 1993-жылдан тартып Нарын районунун “Тянь-Шань мамлекеттик асыл-тукум заводунда” башкы зоотехник болуп иштеген. 1995-1997-жылдары Нарын облусундагы “ТАСИС-3” Эл аралык долбоорунда кеңешчи , 1997-1998-жылдары “Хельветас” Швецариялык доолборунда Нарын облусу боюнча консультант. 1998-2003-жылдары Нарын районунун “Тянь-Шань мамлекеттик асыл-тукум заводунда”, 2003-2007-жылдары Нарын районунун “Улар” фермердик чарбасында башчы, 2007-2009-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары. 2009-жылы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов.У, Асаналиев.З, Атабаев.А “Нарын обласына 70 жыл. Энциклопедия”-, Бишкек, 2009