Алым-сабак айтышы

Википедия дан

Алым-сабак айтышы – кандайдыр бир темада, ыкмада, бир багытта акындардын биринин оюн экинчиси улап, коштоп айтышы. Токтогул менен Эшмамбет калпага карата минтип алым-сабакташып ырдайт: Эшмамбет: Дайыма алдап жеп жүргөн, Даараты жок калпам ай. Токтогул: Дардаңдаба анчалык, Дадаңа искей калпам ай. Эшмамбет: Карып калган калпам ай, Калпалыгың айтам ай. Токтогул: Камынтпай алдың акчаны, Кашыңда сени не жаздык, Башыңды жегир калпам ай. Айтыштын бул түрү ырчылар арасында кеңири тараган, өзгөчө совет мезгилинде эмгек алдыңкыларын, колхоз-совхоздорду мактоодо көп пайдаланылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү. Бишкек, 1994