Алыстан начар көрүү

Википедия дан

Алыстан начар көрүү (миопия) — көрүүнүн кемчилдиги, алысты бүдөмүк көрүү. Ага жарыктын жетишсиздиги, буюмдарды өтө жакын коюп иштөө (китеп окуу, жазуу, кол өнөрчүлүк жана башка) себеп болот. Ал көбүнчө мектепте окуган мезгилден башталып, жаш өткөн сайын начарлай берет.

Алыстан начар көргөндөрдүн көзү бат чарчайт, көп окуганда же жазганда каштын үстү ооруйт, көз алмасын кыймылдатканда көздөн чыбырчыктар көрүнөт. Алыстан начар көргөндөр буюмду так көрүү үчүн аны көзүнө абдан жакындатууга аргасыз болот. Көрүү кемчилиги «чачыратуучу» иймек линзалуу көз айнек менен оңдолот. Ал көзгө күч келүүдөн пайда болгон жагымсыз сезимдерди жоготот.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алуу үчүн, барыдан мурда көздүн иштөөсүн ыңгайлуу шарт түзүү, көзгө күч келтирбөө зарыл. Жакын буюм менен иштөө жарык жерде, эмгектин ж-а эс алуунун туура режимин сактоо менен жүргүзүлүүсү керек. Мектеп жашындагы балдар окуганда жана жазганда китеп менен дептерди көзүнөн 33—35 см аралыкта кармап, башын өтө эңкейтпеш керек. Төшөктө жатып же начар жарыкта окууга болбойт. Кечинде китеп окуганда же жазганда столго коюлуучу шамды (40 Вттан кем эмес) пайдаланып, аны алдыга же сол жакка, китеп менен дептерге өз колунун көлөкөсү түшпөгөндөй жайгаштырат. Окуучу балдарга окуу же жазуу 45— 50 минутадан ашпоого тийиш.

Эгер алыстан начар көрө баштаса, негизги максат — аны токтотуу же андан ары өөрчүшүн азайтуу. Ал үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасоо, дарыгердин бардык көрсөтмөсүн так аткаруу маанилүү. Начар көрүүнүн оптика кемчилдиги көз айнек менен толукталат (аны дарыгер тандайт). Алыстан начар коруу күчөп, кадимки көз айнек жардам бербесе, көздүн тунук челине иймектүү линза жабыштырылат да, ал буюмдун элесин көздүн тор кабыгына таасын чогултат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылануу сунуш кылынат. Алыстан начар көрүүнүн күчөшүн алдын алуу үчүн көз менен иштөөдө гигиеналык шарттарды сактоо зарыл. Мектепке жана кесиптик кызматка байланышпаган көзгө күч келтирүүнү мүмкүн болушунча азайтууга болот. 30—45 мин. иштегенден кийин 10— 15 мин. көздү эс алдыруу зарыл. Алыстан өтө начар көргөндөр оор нерсе көтөрүүгө, спорт оор түрлөрүнө (мисалы, оор атлетика, күрөш, акробатика жана,6ашкалар) катышууга болбойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8