Альбинизм

Википедия дан

Альбинизм, өсүмдүк альбинизми (лат. аlbus – ак) – кандайдыр бир себептерден бүт өсүмдүктөрдө же анын айрым бөлүктөрүндө, ошол өсүмдүккө мүнөздүү болгон, түс берген пигменттин (Мисалы, хлорофилл) жок болушу. Өңүнөн (түсүнөн) ажыраган особь альбинос деп аталат. Толук альбинос болгон өсүмдүк өлөт, анткени хлорофилл пигменти жок болгондуктан, ал фотосинтез процессине жөндөмсүз болуп калат. Өсүмдүктөрдөгү А. хлоропласттардын тукум куучулук өзгөрүшүнө алып келет. Ошондой эле өркүндөрдү түнкүсүн өстүрүү, жарыкта жоголуп кетүүчү функционалдык альбинизмге алып барат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]